Сатыбалдиев: Жумуштан алынган чиновниктер энергетикадагы абалды жакшыртбайт

“Мен энергетика тармагынын башчысын кечээ эле жумуштан алат болчумун, бирок бул абалды жакшыртбайт”, - деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 19-декабрдагы, пленардык жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, энергетика министрлигиндеги жана “Кыргызгаздагы” бир катар атка минерлерди жумуштан алуу менен абал жакшырып кетпейт. “Эскилерди кетирип, жаңыларды дайындайлы. Бирок анда жарык жана газ көйгөйү бир саатта эле чечилип кетпейт. Бардык тармактык ведомстволордун жоопкерчилиги милдеттүү түрдө каралат. Бирок мен энергетикалык ведомствонун ишинин жыйынтыгын жылуулук берүү сезону аяктагандан кийин чыгарам. Ошондо гана энергетика тармагындагы ведомстволордун кээ бир жетекчилерине карата чечим кабыл алынат”, - дейт Сатыбалдиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД