Премьер-министр тоңуп өлгөн 8 селсаяк тууралуу маалыматты төгүндөдү

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстанда сууктан 8 киши өлгөнүн төгүнгө чыгарды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 19-декабрдагы, жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибеков өкмөт мүчөсүнүн сууктан бир гана киши өлдү деген билдирүүсүнө ачууланды. “Сууктан бир гана киши өлгөнүн, ал селсаяк экенин айтуудасыз. Селсаяк адам эмеспи? ЖМКнын маалыматы боюнча 8 киши өлгөн”, - деди Келдибеков.

Сатыбалдиев өлгөн сегиз киши тууралуу маалыматты тааныштырууну суранды. “Биздин маалыматыбыз боюнча 4 киши өлгөн. Корутунду боюнча бир киши гана суукка тоңуп өлгөн”, - деп түшүндүрдү ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД