“Кыргызгаз” өзүнүн эң ири карызкорлорун атады

КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиева Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 19-декабрдагы, пленардык жыйынында мамлекеттин газга болгон карызы кантип пайда болгонуна кызыкты.

Анын айтымында, калк газ төлөмдөрүн маалында төлөшүүдө жана көпчүлүгү газды алдын ала төлөө жолу менен алышат.

“Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун директор орун басары Куралбек Наскеев Кыргызстандын газ үчүн болгон карызы 2 млн доллар экенин билдирди.

“Жилкоммунсоюз” 65 млн сом, “Интергласс” – 5 млн, Элдик чарбачылыктын жетишкен көргөзмөсү (ВДНХ) – 3 млн, Цемент-шифер комбинаты – 20 млн, Токмоктун жылуулук тармагы – 20 млн сом карыз”, - деди Наскеев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД