Келдибеков “Кыргызгаздын” башчысын жумуштан алууну талап кылды

Оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибеков энергетикалык кризиске күнөөлүү болгон атка минерлерди жоопко тартылышы керек деди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 19-декабрдагы, пленардык жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун башчысы Тургунбек Кулмурзаевди “эки жылдын бери мекеме рентабелдүү болбогондугу үчүн кызматтынан алыш керек”. Ал мындай талаптар мамлекеттин үлүшү 50 пайыздан көп болгон мекемелерден мыйзам боюнча талап кылынарын белгиледи.

“Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун абалы кандай оор экенин биз көрүп атабыз. Мына ушунун гана негизинде Кулмурзаев отставакага кетиши керек”, - дейт Келдибеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД