ИИМ: Генералды сабоо боюнча кылмыш ишинин козголушун тергөө чечет

Генерал-майор Мэлс Бекбоевдин сабалышы боюнча кылмыш ишинин козголушун тергөө чечет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен “ВБ”га билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери кечээ генералдан арыз алышкан. Анда коомдук транспортто аны белгисиз бирөө сабаганы жазылган.

“Бүгүнкү күнү милиция кызматкерлери генерал-майор Бекбоевди сабоо фактысын аныкташууда. Кол көтөргөн кишинин өздүгү такталууда. Күбөлөр суракка алынууда”, - деп белгиледи ИИМ.

Эске салсак, “ВБ”нын “Народная новость” бөлүмүндө генерал-майор Мэлс Бекбоевди белгисиз милиционер сабап салганы тууралуу кабарланган эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД