Депутат “Кыргызгаздын” элиталык пансионат сатып алганын айтты

“Кыргызгаз” ААКы Ысык-Көлдөн өзүнө элиталык пансионат сатып алган”, - деп Жогорку Кеңештин жыйынында “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева билдирди.

Анын айтымында, мекемеде каражат максатсыз пайдаланылып келет. “Эсептөө палатасы менен Башкы прокуратура “Кыргызгаздын” 2010-жылдан берки ишмердигин текшерүүгө алышы керек. Мекеме Ысык-Көлдөн элиталык пансионат сатып алган деген маалымат бар”, - дейт Алтыбаева.

“Кыргызгаздын” директор орун басары Курулбек Наскеев пансионат тууралуу маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, ал мекемеде иштеп келаткандан бери андай ири суммадагы сатып алуу тууралуу укпаганын айтты.

Алтыбаева маалымат алуу үчүн бухгалтерияга кайрылууну сунуштады. Депутат ошондой эле “Кыргыгазды” орусиялык “Газпромго” сатууга каршы экенин билдирди. Өз кезегинде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Кыргызгаз” болгону газ алып келүүчү экенин түшүндүрдү. “Мекеме газ өндүрүү менен алектенбейт”, - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД