Эл өкүлдөрү жылытуу мезгилине даярдыкты канааттандырарлык эмес деп табышты

Депутаттар өкмөттүн жылытуу мезгилине карата даярдыгын канааттандырарлык эмес деп табышты. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 19-декабрдагы жыйынында кабыл алынды.

Парламент өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча эки токтомдун долбоорун тааныштырды. Биринчи – өкмөттүн жылуулук мезгилине болгон даярдыгын жетишсиз деп таануу долбоору колдоо тапкан жок. Ал эми сунуш кылынган экинчи токтом – өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп таануу болчу. Аны 60 депутат колдоого алды.

Эскертсек, 19-декабрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөт мүчөлөрү жылытуу мезгилине карата болгон даярдык тууралуу депутаттардын алдында отчет беришкен. Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү өкмөттүн жылуулук берүү мезгилине болгон даярдыгын катуу сынга алышып, кээ бир атка минерлерди кызматынан алуу керек деген талаптарын да айтышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД