Мэрлерди шайлоо январдын аягына белгиленет

“Графикке ылайык, январдын аягында БШК шаар мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоону белгилейт”, - деп Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 19-декабрда билдирди.

Анын айтымында, 15 шаарда мэрлерди жана 257 айыл округунда айыл өкмөт башчыларын шайлоо белгиленет.

Абдраимов азыркы “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу” мыйзамы 2011-жылы июнда кабыл алынганын белгилеп, андыктан анын нормалары бул мөөнөттөн кийин кызматка киришкен шаар башчыларына гана тиешелүү экенин билдирди.

“2011-жылдын июнь айына чейин шайланган мэрлер менен айыл өкмөттөрү өзүнүн кызмат ордун мөөнөтү бүткөнгө чейин сактап калат”, - дейт Абдраимов.

Ал Бишкек мэри Иса Өмүркулов шаар башчылыгына 2011-жылдын февраль айында келгендигин жана ал өз кызмат ордунда 2015-жылга чейин кала турганын белгиледи.

Андан сырткары Абдраимов, акыркы шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган участкаларда январдын башында кайра шайлоо өтө турганын маалымдады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД