Мечиттен кары адамдын норка тумагын уурдап кетишти

“Мадина” соода борборунун аймагындагы мечитте уурулук катталды. Бул тууралуу борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын басмасөз кызматы билдирди.

Укук коргоо органдарына арыз менен кары адам кайрылган. Жашы 33-35тердеги белгисиз адам мечиттен анын норка тумагын уурдап кеткен.

“Көчө” рейдин өткөрүү учурунда Свердлов РИИБинин кызматкерлери изи сууй электе Бишкек шаарынын 34 жаштагы тургунун кармашкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД