Генерал Бекбоевди сабаган милиционер кармалды

Генерал-майор Мэлс Бекбоевди сабаган милиционер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен “ВБ”га билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ ИИМдин ички коопсуздук кызматынан кызматкерлери генерал Бекбоевди сабоого шектүү деп Бишкектеги Ленин РИИБинин коргоо бөлүмүнүн ага сержантын кармашкан.

Аныкталгандай ал, 16-декабрда коомдук транспорттон белгисиз бир адам менен мушташкан, окуяга арачы болгон генерал аларды мушташты токтотууга чакырып, бири-биринен кечирим суроосун айткан. Бирок, арачы болгон генералдын аракети милиционерге жакпай калган. Маршруткадан түшүп баратып, милиционер генералды бир муштап, мурдун сындырган. Ошол эле учурда ал айдоочуга милиционер экенин айтып, тынчсызданууга негиз жок экенин айткан.

Учурда “Бейбашчылык, жашы жетек электерди, кары адамды же жардам талап кылынган адамды мазактоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Милиционерди ички иштер органдарында мындан ары иштей албагыдай кылып жумуштан алуу каралууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД