“Кыргызгаз” ААКын 38 миллион долларга баалашты

Deloitte көз карандысыз баалоочу компаниясы “Кыргызгаз” ААКын биринчи вариант боюнча 38 млн доллар деп баалаган. Экинчи вариант боюнча 1 доллар. Бул тууралуу мекеменин директор орун басары Куралбек Наскеев бүгүн, 20-декабрдагы, маалымат жыйында билдирди.

“Биринчи вариант боюнча “Газпром” компанияны карыздарын төлөбөй туруп 38 млн долларга сатып алат. Экинчи вариант боюнча – “Кыргызгаздын” 2000-жылдын башынан бери чогулган карыздарын төлөө менен мекемени 1 долларга сатып алат”, - деди ал.

Мекеменин карызы канча экенин Наскеев так айткан жок. Анын айтымында, бүгүн москва убактысы боюнча саат 11де “Кыргызгаз” ААКынын директору Тургунбек Кулмурзаев менен “Газпром” ААКынын төрагасы Алексей Миллердин жолугушуусу болот жана “Кыргыгаздын” 75 пайыз акциясын “Газпромдун” сатып алуусу боюнча сүйлөшүүлөр болот. Директор орун басардын айтымында, “Кыргызгазды” орусиялык ишканага өткөрүп берүү 3 айдай убакыт алат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД