Эсептөө палатасы: 2011-жылы финансылык мыйзам бузуу 25%га кыскарган

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 20-декабрдагы, жыйынында Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова депутаттарга 2011-жылдын отчетун тааныштырды.

Анын айтымында, Эсептөө палатасы өткөн жылы 2 507 аудит жүргүзгөн. Алардын 1 864 – бюджеттик уюмдар, 168и – чарбалык субъектер. Ал эми бюджеттин аткарылышы боюнча 275 текшерүү болгон.

“2011-жылы финансылык мыйзам бузуунун суммасы 1 млрд 500 млн сомду түзгөн. 2010-жылга салыштырмалуу 2011-жылы мыйзам бузуулар 25%га кыскарган”, - дейт ал.

Ибраимова 2010-жылы ири финансылык мыйзам бузуу “Манас” аэропортунда, “Азирет Ойл” ЖЧКда жана Камбар-Ата – 2 ГЭСинде катталганын билдирди.

“2011-жылы коррупция менен активдүү күрөшүү иш-аракеттеринин жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар бир жылда 25%га төмөндөгөн”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД