Кыргызстанда көмүр кымбаттады

Газдын өчүрүлүшү жана аба ырайынын суук болушунан көмүрдүн баасы акыркы убакта бир топ кымбаттап кетти. Бул тууралуу борбор калаадагы көмүр сатылуучу жерлерге бүгүн, 20-декабрда, болгон пресс-тур учурунда “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Асанбек Молдошев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында көмүр сатуучу 48 жер бар жана Чүй облусунда 24.

Бишкек шаарында эң чоң көмүр саткан жер болуп Ош базары жактагы Кулуев көчөсүндө орун алган жер, Көк-Жар кичи районундагы жер эсептелет. Ошондой эле Лебединовка жана Түштүк магистрал аймактарында орун алган жерлер да ири деп саналат.

“Бүгүнкү күнү көмүрдүн бир тоннасы жеткирүү акысын кошкондо 3 200-3 300 сом. Буга чейин анын баасы 3 миң сом болчу”, - дейт Молдошев.

Ал ошондой эле көмүрдүн көлөмү бардык колдонуучуларга жете турганын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД