Анарбек Калматов: Эсептөө палатасы – Кыргызстандагы эң паракор орган

“Эсептөө палатасы иштеп баштагандан бери өз ишмердиги тууралуу бир да корутунду менен тааныштырган жок. Болгону келтирилген финансылык мыйзам бузуунун суммасын айтып мактанууда”, - деп “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Анарбек Калматов Эсептөө палатасынын текшерүү иши боюнча болгон Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, комиссиянын бир жарым айлык иши учурунда палатанын мыйзам бузгандыгы аныкталган. Өкмөт Камбат-Ата – 2 ГЭСине 2 млрд 150 млн сом бөлгөнүнү белгиледи.

“2011-жылы бул каражат Эсептөө палатасы тарабынан текшерилген. Бирок азыркыга чейин бул боюнча эч бир материал бериле элек. Мыйзамдын талаптары аткарылган жок”, - дейт Калматов.

Депутат кийин белгилүү болгондой бул каражаттын жарымы “Нарын курулуш” ЖЧКсына 3% менен карызга берилгенин айтты.

“Азыр бул каражат кайда, эч ким билбейт”, - деп кошумчалады ал.

Калматов комиссиянын төрагасы катары бул маалыматтарды Башкы прокуратурага жибергенин айтты. “Ал жактан Эсептөө палатасынын ишинин катасы жана жетишсиздигинен улам кылмыш иши козголду деп айтышты”, - дейт депутат.

Ал убактылуу өкмөт да кийин 1 млрд 300 млн сом которгонун айтты. Анын 481 млн сому да “Нарын курулуш” ЖЧКсына 3% менен карызга берилгенин кошумчалады.

“”Ушуга көңүл буруу керек. Комиссия 1,5 айлык иштеген күнүндө Эсептөө палатасы – Кыргызстандагы эң ири паракор орган экенин аныктады”, - дейт Калматов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД