Эсептөө палатасы: 2011-жылы 11 млрд сом максатсыз жумшалган

2011-жылы мамлекеттик түзүм тарабынан 11 млрд 76 млн сом туура эмес колдонулган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 20-декабрдагы, жыйынында Эсептөө палатасынын төрайымы Эльмира Ибраимова билдирди.

Анын айтымында, 2011-жылы мамлекеттик сектордо айлык системасында көп мыйзам бузуулар болгон. “Бул тармакта айлык фондунун акчасы көп колдонулганы жөнүндө көп документтер бар. Өткөн жылы мамлекеттик кызматкерлерге бюджеттен 997 млн сом өлчөмүндө каражат төлөнгөн. Бул Финансы министрлигинде көргөзүлгөндөн 6%га көп болгон”, - дейт ал.

Ошол эле учурда Ибраимова Финансы министрлиги тарабынан алынган маалыматтар анын чыгым пландары менен дал келбеген көп учур бар экенин айтта. 11 млрд 76 млн сомдун максатсыз пайдаланылганы аныкталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД