Өмүрбек Абдрахманов: Энергетикалык кризиске КСДПнын кадрлары алып келди

“КСДПнын кадрлары өлкөнү энергетикалык кризиске алып келди”, - деп бүгүн, 20-декабрда, эркин депутат Өмүрбек Абдырахманов билдирди.

Ал вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Бишкек мэри Иса Өмүркулов, энергетика министри Автандил Калмамбетов, “Кыргызгаз” ААКынын башкы директору Тургунбек Кулмурзаев жана “Түндүкэлектр” бөлүштүрүүчү компаниясынын башкы директору Кубанычбек Исмаилов “президенттин койгон адамдары же КСДП партиясынын өкүлдөрү”, - деп белгиледи.

Депутаттын айтымында, Бишкектин жана анын чет жакасындагы айрым аймактарда газ менен жарыктын өчүрүлүүсүнө дал ушулар жоопкер.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД