Бишкекте 12 көчөнүн кесилишинде светофор иштебей турат

“Электр энергиясы өчүрүлгөндүктөн Бишкекте 12 светофор иштебей турат”, - деп бүгүн, 20-декабрда, Адистештирилген монтаж-эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчиси Сергей Дьядченко “ВБ”га билдирди.

Ал электр энергиясы берилери менен светофорлор иштеп баштарын маалымдады.

Бирок, электр жарыгын берүүдө чыңалуу көп болгондуктан светофорлор автоматтык түрдө иштебей атат. “Андай болгон учурда адистештирилген монтаж-эксплуатациялык башкармалыгынын бригадасы барып оңдоо иштерин жүргүзүүдө”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД