Кыз ала качуу кылмыш кодексиндеги адам уурдого теңелди

Жогорку Кеңештин депутаттары 20-декабрдагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексине түзөтүү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты.

Киргизилген өзгөрүүгө ылайык, кыз ала качуу жана аны эркине каршы мажбурлап күйөөгө берүү кылмыш кодексиндеги адам уурдоого теңелди. Бул документтин демилгечилеринин айтымында, мындай кадам гендердик теңдикти сактоого багытталган.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД