Турсунбай Бакир уулу көпчүлүк коалициядан чыгуу үчүн арыз берди

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу көпчүлүк коалициядан чыгуу үчүн арыз берди. Бул тууралуу ал "ВБ"га билдирди.

Депутат кечээ, 20-декабрда, өзүнүн арызын "Ар-Намыс" фракциясынын лидери жана көпчүлүк коалициясынын башчысы Феликс Куловго берген.

Анын айтымында, аны менен кошо коалициядан дагы бир катар арнамысчылар чыгууга ниеттенүүдө. Бакир уулу коллегалары көпчүлүк коалициядан чыгууну парламенттик көпчүлүктүн январдагы жыйынында айта тургандыктарын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД