Мамлекеттик резерв фондунун дебитордук карызы миллиард сомдон ашты

КСДП фракциясынын бүгүнкү, 21-декабрдагы, жыйынында депутаттар "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндөгү" мыйзам долбоорун жактырышты.

Мамлекеттик материалдык резерв фондунун башчысы Шералы Абдылдаев мыйзамга ылайык, мамлекеттик резервдеги продуктуларды сатуу үчүн аны алып чыгууда төлөмдү бөлүп төлөсө боло турганын белгиледи. Бирок төлөмдү төлөө кечиксе күнүнө сумманын көлөмү боюнча ага 0,5% туум кошулат. "Учурдагы мыйзам эскирип, кээ бир КРнын мыйзамдарына каршы келүүдө. Аны жаңылоо керек", - дейт Абдылдаев.

Депутат Гүлнара Жамгырчиева мамлекеттик резерв фонду кризистик учурга даярбы жана отундун запасы канчалык көлөмдө деп кызыкты.

Абдылдаевдин айтымында, мамлекеттик резервде 10 миң тонна дизелдик отун жана 5 миң тонна бензин бар.

"Фонддо канча көлөмдө азык-түлүк бар экенин ал мамлекеттик сыр болгондуктан айта албайм. Жалпысынан мамлекеттик резервде 700 млн сомдук азык-түлүк бар", - деп жооп берди.

Бирок фракция лидери Чыныбай Турсунбеков мамлекеттик резервдеги продуктулар тууралуу маалыматты жашыруу менен атка минерлер коррупциялык аракеттерди жасоодо деп билдирди. "Мамлекеттик резервдеги азык-түлүктү өздөрүнүн туугандарына жана тааныштарына берүүдө жана берилген продуктуларды кайтарууга аракет да кылышкан жок", - дейт депутат.

Абдылдаев бүгүн мамлекеттик материалдык фонддун дебитордук карызы 1,2 млрд сом экенин айтып, анын 200 миллионун кайтаруу мүмкүн эместигин кошумчалады. Ал эми 400 млн сом пайдасыз карыз болуп эсептелет.

Талкуунун жыйынтыгында фракция мыйзамга түзөтүү киргизүүнү колдоого алышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД