Түлеевдин сот иши дагы да болсо кийинкиге калтырылды

Бишкек шаарынын экс-мэри, "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Нариман Түлеевдин соту айыпталып аткандардын биринин жаңы адвокаты кылмыш иши менен таанышып чыгуусу үчүн кийинкиге калды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда, Түлеевдин коргоочусу Кубанычбек Ташбалтаев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 20-декабрда, Ленин райондук сотунда Бишкек мэриясынын мурдагы атка минерлеринин иши боюнча сот отуруму болду. Коргоочу сот алдында материал менен таанышууга мүмкүндүк бериңиз деп өтүнгөн.

Эскертсек, Түлеевдин иши Бишкектин Ленин райондук сотуна жөнөтүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД