Транспорт министрлиги 2013-жылы бюджеттен 1,9 млрд сом алат

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2013-жылы мамлекеттик бюджеттен 1 млрд 895 млн сом алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында мекеменин статс-катчысы Максатбек Дыйканов билдирди.

Анын айтымында, министрликкке бөлүнгөн каражаттын 85 пайызы республикадагы жолдорду оңдоого жумшалат. "Бул максатта 2012-жылга салыштырмалуу 121 млн сом каралган. 70 км жолду асфальтоо пландалууда", - дейт Дыйканов. Ал ошондой эле 12 көпүрөнү да оңдоо пландалып атканын кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД