Ольга Лаврова: Орусия Кыргызстанга бөлгөн $25 млн кайтарып алышы мүмкүн

"Орусия Кыргызстанга бөлгөн $25 млн кайтарып алышы мүмкүн", - деп Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин бүгүнкү, 21-декабрдагы, жыйынында КР Финансы министри Ольга Лаврова билдирди.

Анын айтымында, эгер мамлекеттик бюджетти колдоо үчүн берилген каражат максатсыз колдонулса, окуя терс жагына өнүгүп кетиши ыктымал.

"Биз Орусия алдында отчет беришибиз керек. Азыр бул каражатты колдонуу боюнча сунуштарды чогултуп атабыз. Ошол сунуштардын негизинде орусиялык грантты кайсыл багытка жумшай турганыбыз чечилет", - дейт Лаврова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД