“Газпром” “Кыргызгазды” 1-апрелге чейин менчиктештирет

"Газпром" ААКы "Кыргызгаз" ААКынын мамлекеттик пакетин 2013-жылдын 1-апрелине чейин менчиктештирет. Мындай сүйлөшүүгө кечээ Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен "Газпром" ААКынын жетекчиси Алексей Миллердин болгон жолугушуусу учурунда жетишилген. Бул тууралуу бүгүн 21-декабрда маалымат жыйында "Кыргызгаз" ААКынын директору Тургунбек Кулмурзаев билдирди.

Анын айтымында, орусиялык компания менчиктештирүүнү эртелетүүгө даяр. Андан сырткары "Газпром" "Кыргызгаздын" 100% акциясын сатып алууга, ошондой жеке тараптардыкын да сатып алуу ниетин билдирген.

"Негизинен "Газпромго" "Кыргызгаздын" кереги жок. Алар бизге жардам берүүдө. 3-5 жыл аралыгында "Газпром" "Кыргызгаздын" өнүгүшүнө 20 млрд рубль же 640 млн доллар салууга ниеттенүүдө", - дейт Кулмурзаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД