Кулмурзаев: “Газпром” 1-январдан тарта Кыргызстанга газ алып келип баштайт

Кыргызстан орусиянын "Газпром" ААКын 2013-жылдын 1-январынан тарта республикага газ алып келүү боюнча ишин баштоону суранды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда, маалымат жыйында "Кыргызгаз" ААКынын директору Тургунбек Кулмурзаев билдирди.

Анын айтымында, эгер жаратылыш газын "Газпром" алып келсе, анын баасы бир топ төмөн болот. Андан сырткары "Газпромдун" газды алып келүүсү Кыргызстанда газ үзгүлтүккө учурубай турганын кепилдейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД