“Кыргызгаздын” $26,6 млн эски карызы бар

"Кыргызгаз" ААКы "КазТрансГаз" акционердик коому жана "КырКазГаз" биргелешкен мекемеси алдында 2004-2005-жылдары 26,6 млн доллар карыз болгон. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда, маалымат жыйында "Кыргызгаз" ААКынын директору Тургунбек Кулмурзаев билдирди.

Анын айтымында, "КазТрансГазга" болгон карыз 14,7 млн доллар, ал эми "КырКазГазга" болсо 11,9 млн доллар карыз.

Андан сырткары, 2006-2008-жылы "Кыргызгаз" 200 млн сом, 143 млн сом жана 12 млн доллар өлчөмүндө бюджеттик ссуда алган. Кулмурзаев бюджеттик ссудалар жыл сайын өз маалында төлөнүп атканын белгиледи.

Газды алып келүүдө "Кыргызгаздын" Казакстан алдындагы азыркы карызы 1,9 млн долларды түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД