Депутат коллегаларын МУККнын тергөө абагынан “өздөрү үчүн шарт түзүүгө” чакырды

Эркин депутат Өмүрбек Абдырахманов коллегаларын МУККнын тергөө абагынан "өздөрү үчүн шарт түзүүгө" чакырды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында комитет башчысы, "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибеков МУККнын тергөө абагын оңдоо үчүн бюджеттен каражат кароо керектигин белгиледи. Ал СССР учурунан бери оңдолбогон тергөө абагынан абалын өз көзү менен көрүп келгенин айтты.

"Эмне үчүн Сиз бул маселени көтөрбөйсүз? Канализация чириптир, жылуулук берүү эптеп эле. Мына ошондой шартта биздин жарандар кармалууда. МУККнын убактылуу кармоочу жайларын оңдоо үчүн бюджеттин жок дегенде 10 млн сом караш керек", - деди Келдибеков.

"Ооба, туура. Келгиле шарт түзө берели", - деп Абдырахманов колдоого алды.

Эскертсек, учурда коррупция боюнча айыпталып, азыр МУККнын тергөө абагында Бишкек шаарынын экс-мэри Нарман Түлеев бар. Ошондой эле МУККнын убактылуу тергөө абагында Түлеевдин партиялаштары Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров бар. Алар бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган деп айыпталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД