“Газпром” “Кыргызгазды” бир долларга менчиктештирет

"Газпром" газ алып келүүчү кыргызстандын компаниясын бардык карыздары менен сатып алат. Анын бүгүнкү күнгө болгон карызы 31 млн долларды түзөт.

Орусиянын "Газпром" ААКы "Кыргызгаз" ААКынын 75 пайыздык мамлекеттик акциясын 1 долларга менчиктештирет. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда, маалымат жыйында "Кыргызгаз" ААКынын директору Тургунбек Кулмурзаев билдирди.

Анын айтымында, "Кыргызгазды" мындай суммага көз карандысыз Deloitte & Touche баалоочу компаниясы баалаган.

"Газпром" газ алып келүүчү кыргызстандын компаниясын бардык карыздары менен сатып алат. Анын бүгүнкү күнгө болгон карызы 31 млн долларды түзөт. Жыл башында "Кыргызгаз" ААКынын жалпы кредитордук карызы 38 млн долларды түзгөн.

Кулмурзаев билдиргендей, үстүбүздөгү жылы "Кыргызгаз" Финансы министрлигинен 2006-2008-жылдары алынган бюджеттик ссуда боюнча жалпы суммасы 7 млн доллар карызын төккөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД