“Ар-Намыс” Турсунбай Бакир уулун көпчүлүк коалициядан чыгарган жок

"Ар-Намыс" фракциясынын бүгүнкү, 21-декабрдагы, жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулунун "Ырыс алды ынтымак" көпчүлүк коалициясынан чыгуу тууралуу арызы каралды.

Фракция лидери Феликс Кулов юридикалык бөлүм депутат көпчүлүк коалициядан чыга албай тургандыгы тууралуу корутунду чыгарганын билдирди.

"Азыркы мыйзамга ылайык, депутаттын коалициядан чыгуу чечими анын фракция лидеринин артыкчылык укугу болуп эсептелет. Ошондой эле юридикалык бөлүм депутат Турсунбай Бакир уулунун көпчүлүк коалициядан чыгуу каалоосун саясый акт катары баалайт", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД