Тоголок кенине конкурс февралда жарыяланат

Тоголок алтын кенине конкурс 2013-жылдын февраль айында жарыяланат. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Ишимбай Чунуев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, кенге конкурс өткөрүүдө дүйнөлүк тажрыйбалар колдонулат. "Дүйнөлүк банк кенге конкурс өткөрүүдө эларалык тажрыйбаны колдонууну сунуштоодо. 2013-жылдын февраль айында Тоголок алтын кенине конкурс жарыяланат", - дейт ал.

Маалымат үчүн:

Тоголок кени Ысык-көл облусунда жайгашкан. Ал жерде 34 тонна алтындын запасы бар деп бааланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД