Жогорку Кеңештин имаратынан МУККнын кызматкери бычакталды

Жогорку Кеңештин имаратынан МУККнын кызматкери бычактан жаракат алган. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы жеке булактан маалым болду.

Кечээ, 20-декабрда, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө азиат улутундагы эркек киши эч себепсиз эле Жогорку Кеңештин имаратынан МУККнын кызматкерин бычактап салгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ыкчам топ Жогорку Кеңештин имаратына келгенде ЖКнын түштүк-чыгышындагы кирүүчү жактан белгисиз эркек адам имаратка кирүүгө аракет кылганы аныкталган. Кармоо учурунда ал МУККнын кызматкерине себепсиз эле асылып, оң колунун билегин бычак менен сайып салган.

Окуя болгон жерди тинтүүгө алганда узундугу 29 см болгон бычак табылган.

Аталган кылмыш ишин жасаган делип 1968-жылы туулган, Жалал-Абат облусунун тургуну МУККнын убактылуу тергөө абагына камакка алынган. Ал убактылуу иштебейт жана үй-бүлөсү менен ажырашкан.

Аталган окуя боюнча кылмыш кодексинин 341-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык "Бийлик өкүлүнө карата зомбулук колдонгон" деп, кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД