МУКК “Ак үйдө” атайын кызматтын кызматкерине кол салуу болгонун төгүндөөдө

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети "Ак үйдө" атайын кызматтын кызматкерине кол салуу болгонун төгүндөөдө. Бул тууралуу аталган мекемеден бүгүн, 21-декабрда, "ВБ"га билдирди.

МУКК өкүлүнүн айтымында, кечээ атайын кызматтын өкүлдөрү тарабынан коргоого алынган "Ак үйгө" кирүүгө аракет кылган белгисиз эркек киши кармалган.

Эркек адамдын туруктуу жашаган жери жок, селсаяк экени аныкталган. Учурда ал эмне себептен мындай кадамга барганы аныкталууда.

Мекемеден билдиргендей, кирүүгө аракет кылган учурда ал МУККнын 9-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан дароо кармалган. Бир да кызматкер бычактан жарат алган эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД