Немис банкы кургак учук ооруканасы үчүн жаңы имарат курууга жардам берет

Немис өнүктүрүү банкы 2013-жылы шаардык кургак учук ооруканасы үчүн жаңы имарат курууга жардам берет. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Кубанычбек Айдаралиев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, бул долбоор тууралуу көптөн бери эле айтылып келе жаткан. Эми минтип ал даярдалып өкмөт тарабынан кол коюлду. Учурда кете турчу чыгымдардын сметасы түзүлүүдө.

"Келерки жылы эч нерсе болуп кетпесе, буюрса, жаңы оорукананын имараты курулуп баштайт. Немис банкы 5 млн евродой каражат бөлөт. Биз муну чыдамсыздык менен күтүүдөбүз. Учурдагы оорукананын имараттары 1939- жылы жана 1955-жылы курулган", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД