Футзал боюнча Казакстандын чемпионатында “Тулпар” “Дордойду” эки жолу утту

Футзал боюнча Казакстандын чемпионатында футзал боюнча Кыргызстандын чемпиону "Дордой" Караганданын "Тулпар" командасына эки жолу ири эсеп менен утулду.

Казакстандык ЖМКлардын билдиришинче, биринчи турда "Дордой" 1:7 эсебинде утулган. Кыргызстандыктардын жалгыз голун 27 мүнөттө Азамат Мендибаев киргизген.

Экинчи матчта да дордойчулар 7 гол эсебинде утулган. "Дордойчулардан" голду Канимет Аралбаев жана Эркин Байтиков киргизген.

Казакстандык команда турнирдик таблицада үчүнчү катардан орун алды.

Сегиз оюндук турнирдин жыйынтыгы менен "Дордой" мурдагыдай эле жетинчи орунда турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД