Аялдардын “Салам-Алик” командасы волейбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болду

Аялдардын "Салам-Алик" командасы волейбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу волейбол боюнча федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагышев билдирди.

Маалыматка ылайык, экинчи орунду "КРСУ" командасы ээлесе, коло медалга "Улар" командасы татыган.

Бардыгы болуп Кыргызстандын чемпионатына 4 команда катышкан. Акыркы орунда Оштун "Алай-Датка" командасы ээлеген.

Ошондой эле чемпионаттын эң мыкты оюнчулары да аныкталды. Алар Анастасия Щелокова ("Салам-Алик"), Юлиана Морозова ("КРСУ"), Нургиза Масимова ("Улар"), Айсулуу Нурланбек кызы ("Алай-Датка").

Чемпионат 21-23-декабрь күндөрү Бишкек шаарынын №62 орто мектептин спорт залында өткөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД