6-кичи райондогу канализациядан эркек адамдын сөөгү табылды

Бишкек шаарынын 6-кичи районунда канализациялык люктан куткаруучулар эркек адамдын сөөгүн табышты. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы жеке булактан "ВБ"га маалым болду.

Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барган. Кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлеринин айтымында, өлгөн адам кийингенине караганда селсаяк болгон эмес. Балким ага кол салуу болуп же өлтүрүлүшү мүмкүн.

Учурда укук коргоо органынын кызматкерлери өлгөн адамдын өздүгүн такташууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД