Бишкекте апрель окуясы боюнча сот иши уланууда

2010-жылдын апрель окуясы боюнча сот иши уланууда.

7-апрель боюнча сот ишинин уланганын сот жараянына төрагалык кылган судья Дамир Оңолбеков бүгүн, 24-декабрда, билдирди.

Жыйындар залына бардык катышуучулар келишти.

Бирок, сот иши башталары менен Оңолбеков айыпталуучунун бир адвокаты келбегендиктен беш мүнөттүк тыныгуу жарыялады.

Эскертсек, сот ишинин акыркы отурумунда сот Мамлекеттик коргоо кызматынын төрагасы Нурлан Темирбаевдин суракка алган. Андан соң Мамлекеттик коргоо кызматынын көзгө атар мергендери Рафаэль Мадраимов, Урмат Камчыбеков жана Расул Байтоковдун укугун коргогон адвокат Абдыкерим Аширов сот ишинин материалдарын кайра иликтөөгө жиберүүнү суранган.

Бирок Кыргызстандын аскер соту ишти кайра иликтөөгө жибербөө тууралуу токтом чыгарган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД