Айдоочулар Транспорт министрлигинин алдына митингге чыгышты

Бүгүн, 24-декабрда, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинини алдында оор жүк ташыган машиналардын айдоочулары митингге чыгышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынында министрликтин статс-катчысы Максатбек Дыйканов билдирди.

Анын айтымында, транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов учурда митингге чыккан айдоочулар менен жолугууда. "Ушундан улам ал комитеттин бүгүнкү жыйынына келе алган жок", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД