“Канттранс” ЖЧКнын айдоочулары транспорт министрлигин коррупция менен айыптоодо

"Канттранс" ЖЧКнын айдоочулары транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы ведомствонун атка минерлерин коррупция жана жүк ташуучулар үчүн атаандаштык шарт түзбөгөндүгүн айтып митинг өткөрүшүүдө.

Фирманын директору Рахима Бихундун айтымында, Транспорт министрлигинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын директору Анарбек Абдрасилов кыргыз-казак чек арасынанда жайгашкан "Ак-Жол" өткөрүү пунктунан "Дордой" базарына чейин "Айрус Транссервис" маршруттук жолун ачкан. "Буга негиз жок болчу. Биздин маршруттук жол ансыз деле өтө чоң эмес", - дейт аял жетекчи.

11-декабрда "Канттранстын" лицензиясын узартуудан баш тартышкан. Компания 10 жылдан бери иштеп келет.

"Ошол эле учурда жакында эле жүк ташып баштаган "Айрус Транссервис" компаниясы лицензия алды. Өзүн жактоо үчүн Абдрасулов маршруттук жолдун узун экенин айтып, Кордайдан бери товар ташый турганын айтууда. Бирок, башка компанияга лицензия бергенден көрө, биздин маршрутту деле узартса болмок да", - дейт Рахима Бихун.

Жумушсуз калган айдоочулар нааразы болуп, бул жерде коррупциялык иштер болгон дешүүдө. "Канттранс" ЖЧКсы прокуратура органдарына арыз менен кайрылышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД