7-апрель окуясы боюнча сот адвокаттын келбегендигинен кайтадан кийинкиге калды

2010-жылдын апрель окуясы боюнча сот ишине төрагалык кылган судья Дамир Оңолбеков айыпталуучулардын укугун коргогон адвокаттар Малахова жана Зухра Азарованын келбегенине байланыштуу сот ишин 27-декабрга жылдырды.

Башка айыпталуучулардын укугун коргогон адвокаттар 27-декабрда алардын башка сот отуруму белгиленгендиктен соттун мындай чечимине нааразы болушту. Бирок Оңолбеков "бардык маселени чече турганын" айтты.

Эскертсек, сот ишинин акыркы отурумунда сот Мамлекеттик коргоо кызматынын төрагасы Нурлан Темирбаевдин суракка алган. Андан соң Мамлекеттик коргоо кызматынын көзгө атар мергендери Рафаэль Мадраимов, Урмат Камчыбеков жана Расул Байтоковдун укугун коргогон адвокат Абдыкерим Аширов сот ишинин материалдарын кайра иликтөөгө жиберүүнү суранган.

Бирок Кыргызстандын аскер соту ишти кайра иликтөөгө жибербөө тууралуу токтом чыгарган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД