Алмазбек Атамбаев: Бизге “Кыргызгаздын” кереги жок, бизге арзан газ керек

"Бизге "Кыргызгаздын" кереги жок, бизге арзан газ керек", - деп президент Алмазбек Атамбаев салт болуп калган жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан "Кыргызгазды" орусиялык "Газпром" компаниясына бир катар шарт менен сатуу тууралуу макулдашты. Алар: жыл бою кепилдик менен газ жеткирүү, Казакстан жана Өзбекстандан келген газга караганда бир кыйла арзан газ, Кыргызстанда газды чалгындоо үчүн "Газпром" милдеттүү түрдө 0,5 млрд доллар жумшайт.

"Балким келечекте биздин өзүбүздүн газ болот", - деп билдирди президент.

Президенттин айтымында, ал бир жыл ичинде энергетика боюнча көйгөйдү чече албайт. "Мен буга чейин айтылбай келген жана эч ким тийбеген нерселерди айтып баштаганым үчүн уялбайм. Андай суроолор көп. Беш жыл ичинде алардын бир бөлүгүн чечкенге же баштаганга жетишем деп ойлойм", - дейт Атамбаев.

"Датка-Кемин" көмөкчордонун курууга ким жолтоо болду? 2015-жылга чейин курулуш бүтмөйүнчө бизде көйгөй болот. Ким күнөөлүү? Мен бир жылдан бери гана президент болуп иштеп атам. Аны канчалык кааласак да эки жылдан кем эмес убакытта аны куруп бүтпөйбүз", - дейт мамлекет башчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД