Атамбаев: “Кыргызгаздын” Казакстанга болгон карызын “Газпром” төлөйт

"Кыргызстан тарыхта биринчи өлкөгө газ алып келүүнү диверсифициялады. Бул чоң жетишкендик", - деп бүгүн, 24-декабрда, президент Алмазбек Атамбаев салт болуп калган жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, эгер Казакстандан газ алып келүүдө альтернатива болбогондо Кыргызстандын түндүгү такыр эле газсыз калмак.

Ал республиканын газ үчүн ири карызы бар экенин маалымдады.

"Биздин казак өнөктөр карызды компаниянын келечектеги ээси – "Газпром" төлөй тургандыгы тууралуу маалымдар болушту. Муну Казакстандан президенти да, премьер-министри да билет", – дейт Атамбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД