Алмазбек Атамбаев: 2012-жылы 900дөн ашык коррупциялык иш козголгон

"2012-жылы коррупция беренеси боюнча 900дөн ашык кылмыш иши козголгон", - деп бүгүн, 24-декабрда, президент Алмазбек Атамбаев салт болуп калган жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында билдирди.

"Коррупция – бул өтө чоң көйгөй. Бирок бизди коррупция менен күрөшпөй атат дегенге макул эмесмин", - деген президент паракорчулук боюнча бир нече кылмыш иши козголуп атканын кошумчалады.

"Эгер ууру кылып же мыйзам бузган болсо, ал түрмөдө отурушу керектигин бардыгы билет. Бул менин үй-бүлөмө да тиешелүү. Бул тууралуу мамлекеттердин бардык биринчи адамдары билишет", - деп билдирди Атамбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД