Атамбаев: Электр энергиясы менен камсыздоо көйгөйү 2015-жылга чейин сакталат

"20 жыл мурда Кыргызстан эгемендик деп кыйкырбай, стратегиялык объектерди куруп башташы керек болчу", - деп бүгүн, 24-декабрда, президент Алмазбек Атамбаев салт болуп калган жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы "Датка" көмөкчордону курулуп баштаса, быйыл "Датка-Кемин" электр линиясы курулуп баштады. Президент бул объектерди жыйырма жыл мурун эле куруп баштоо керектигин айтты.

Ал Кыргызстан көпчүлүк жерде "кагаз түрүндө гана көзкарандысыз" экенин белгиледи. "Силерди алдагым келбейт: 2015-жылдын жайына чейин "Датка-Кемин" электр линиясы курулуп бүтмөйүн көйгөй боло берет. Ким күнөөлүү? 1 жыл 24 күн иштеп аткан Атамбаевби?", - деп суроо салды президент.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД