Президент мамлекеттик тил мыйзамына киргизилген түзөтүүнү колдобошу мүмкүн

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз тилин милдеттүү түрдө билүүгө жана айып пул чегерүү боюнча мамлекеттик тил мыйзамына киргизилген өзгөртүүгө кол койбоого ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-декабрда, президент Алмазбек Атамбаев салт болуп калган жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында билдирди.

Атамбаев азырынча мыйзамдын тексти менен таанышпаганын, эгер мыйзам "ЖМКда жазып аткандай болсо" ага колбой турганын билдирди.

Ал мыйзамга киргизилген өзгөртүү тууралуу чечимди ал Орусия менен болгон мамиледен көз карандасыз кабыл ала турганын баса белгиледи. "Талап кылардан мурун, шарт түзүш керек. Ошондой эле тил үйрөнүү үчүн да шарт керек", - деди Атамбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД