Президент туристтерди тартуу боюнча иш алып барууну сунуштады

"Туризмди өнүктүрүү жана инвесторлорду тартуу үчүн туристтерге жана инвесторлорго болгон мамилени өзгөртүү керек", - деп бүгүн, 24-декабрда, президент Алмазбек Атамбаев салт болуп калган жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, биздин түкүрүлгөн тратуарларды көргөндөр экинчи бул жакка келүүнү каалашпайт.

"Бизде туристти жөөлөшөт. Чет элдиктер көлдө жылкыны көрсө да келишпейт", - деди мамлекет башчы.

Андан сырткары Атамбаев аймагында тоо, дарыя, көл сыяктуу кооздугу бар дүйнөдө саналуу гана мамлекет бар экенин айтты. "Бирок, туруктуулук, инвестор менен турситтерге кызыгуу болуш керек", - деди президент.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД