Атамбаев улуттар ортосуна чагым салгандарды катуу жазалоону сунуштады

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев улуттар ортосуна чагым салгандарды катуу жазалоону сунуштады. Бул тууралуу мамлекет башчы бүгүн, 24-декабрда, салтка айланып калган жыл жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, улуттар ортосуна бүлүк салган чагымчылдарды "түрмөгө кесүү" керек.

"Жек жаатка бөлүнгөн жакта улут болбойт. Муну эске алуу керек", - деди Атамбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД