Атамбаев: Улутташтырылган мүлктү эч кимдин сатып алгысы келбейт

"Эч ким улутташтырылган объектерди менчиктештирүү боюнча аукционго катышууну каалашпайт, анткени улутташтыруу аларды коркутууда",- деп бүгүн, 24-декабрда, президент Алмазбек Атамбаев салт болуп калган жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, инвесторлор кийин сот иштери болорун түшүнүшүүдө.

Өзгөчө MegaCom уюлдук оператору боюнча дагы да болсо сот иштери жүрүүдө.

"Бир канча ирет аукционго коюлду. Эч ким катышууну каалаган жок. Алар кийин сот иштери болорун түшүнүүдө", - деп белгиледи мамлекет башчысы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД