Туратбек Мадылбеков Акмат Бакиевди качыргандарды жоопко тартууну талап кылды

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Акмат Бакиевди качыргандарды жоопко тартууну талап кылды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2011-жылы амнистия нормасына ылайык, соттун чечими менен Акмат Бакиев колонияга которулган. Эскертсек, ал ден-соолугу начарлагандыктан ооруканага жаткырылып, ал жактан качып кеткен.

Мадылбеков экс-президенттин бир тууганына карата КР Кылмыш кодексинин 28-беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун, ал эми сот болгону алардын бешөө боюнча гана чечим чыгарганына нааразы болду. "Ким айыпты туура эмес койгон? Эмне үчүн өтө оор кылмыш иши боюнча айыптар алынып салынган? Бул үчүн ким жооп берет?", - деп суроо салды эл өкүлү.

Башкы прокуратуранын өкүлү, Акмат Бакиев амнистияга туш келгендиктен сот аны колонияга которуу тууралуу чечим кабыл алганын айтты. "Кийин бул чечим жокко чыгарылган", - деп белгилеп, Бакиевдин качып кетиши боюнча колониянын жетекчиси жоопко тартылганын кошумчалады.

Комитет төрагасы, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Анарбек Калматов өз күнөөсүн моюнга алган гана адамга амнистия бериле турганын белгиледи. "Акмат Бакиев өз күнөөсүн моюнга алган эмес. Аны колонияга которуу чечими жокко чыгарылгандыктан аны темир тор артына камоо керек болчу. Жазаларды аткаруу кызматынан баштап сотторго чейин коррупциялык схема иштеген. Анын жыйынтыгы менен Акмат Бакиев качып кетти", - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД