Екатерингбургда өрттөн жапа чеккен кыргызстандыктарга жардам берилди

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугу кыргыз диаспоралары менен биргеликте өрттөн жапа чеккен кыргызстандыктарга жардам берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басмасөз жана маданият башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-декабрда Екатеринбург шаарында жашаган кыргызстандыктардын үйүндө өрт чыккан.

Өрттөн улам 150 чарчы метр жер күйгөн. Өрт өчүрүүчүлөр 20 адамды куткарышкан. Алардын бешөө жаш балдар болгон. Өрттөн каза болгондор жок. Куткарылган адамдардын сегизөө кыргызстандык болгон.

Кыргызстандын башкы консулдугу турак жайсыз калгандарды үй жана тамак менен камсыз кылганы билдирүүдө айтылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД